2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Сенаты Италиянын Азия менен кызматташуу институту (ISIA) менен биргеликте уюштурган «Орто коридор: Италия, Азербайжан жана Борбордук Азия ортосундагы коопсуз транзиттик маршрут» деген темада иш-чарага катышты

106

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Сенаты Италиянын Азия менен кызматташуу институту (ISIA) менен биргеликте уюштурган «Орто коридор: Италия, Азербайжан жана Борбордук Азия ортосундагы коопсуз транзиттик маршрут» деген темада иш-чарага катышкан. Иш-чарага Италиянын Сенатынын депутаттары, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Э.Чириелли жана Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Элчилери, ошондой эле эл аралык саясат боюнча италиялык алдыңкы эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Элчи Т.Базарбаев өз сөзүндө Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык абалы жана туруктуу транспортту өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн транспорт саясатынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө айтып берген.

Т.Базарбаев Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын кызматташуусу эки тарапка тең чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилеп, ошондой эле аймактар ортосундагы транспорттук жана соода коридорлорун өнүктүрүүгө чакырган. Элчи, Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорт коридорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык темир жолунун курулушун баштоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берген.

Өз сөзүнүн алкагында Элчи Т.Базарбаев кыргыз тарап Италия жана Европа биримдигинин башка өлкөлөрү менен транспорттук инфраструктураны жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK