Болонья - Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана консулдук каттоо жумушчу сапары

3351

2020-жылдын 8-9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин жана Тышкы Иштер Министрилигинин Консулдук кызматынын департаментинин кызматкерлери Италиянын шаарларына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана консулдук каттоодон өткөрүү максатында Болонья шаарына барып келишти.

Бул иш сапары Больнья шаары жана анын айланасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн конституциялык укугунан пайдалануунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында уюштурулган.   

Болонья шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда Элчиликтин жана ТИМнин Борбордук аппаратынын кызматкерлери боло турган маанилүү саясий иш-чара тууралуу кеңири маалымат берип, жарандардын биометриялык маалыматтарын топтошту жана консулдук каттоодон өткөрүштү, ошондой эле башка керектүү консулдук иш-аракеттерди жасашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Италияда жашаган жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү жолдору талкууланды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK