Кыргызыстандын жарандарын Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январында өткөрүлө турган Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуусун камсыздоо маскатында Элчилик саат 9.00дон 20.00го чейин иштейт.

3140

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана диаспоралардын өкүлдөрү

Кыргызыстандын жарандарын Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январында өткөрүлө турган Президентин мөөнөтүнөн мурда  шайлоого катышуусун камсыздоо маскатында,Элчилик саат 9.00дон 20.00го чейин иштейт.

Добуш берүүгө катышуу үчүн Кыргызстандын жарандары 2020-жылдын 29-декабырына чейин КР нын Италиядагы Элчилигинин шайлоочулар тизмесинде болуусу зарыл. (УШК 9033).

Буга байланыштуу, шайлоочулар 21-жылдын 2 июлунда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулар тизмесинен өздөрүн сөзсүз түрдө тактап алуусун суранабыз.

Эгерде жаран өзүн тизмеден таппаса, ошондой эле, 21-жылдын 10 - январында №9033 КР Элчилигинде №9033 шайлоо участогунда добуш берүүнү кааласа, 2020-жылдын 28-декабырына чейин төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

 

КӨНҮЛ БУРУҢУЗ: ЭГЕРДЕ ЖАРАН БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТАРЫН ТАПШЫРГАН ЭМЕС ЖАНА КОНСУЛДУК КАТТООГО ТУРГАН ЭМЕС БОЛСО ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРЕ АЛБАЙТ.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО 2021-ЖЫЛДЫН 10-ЯНВАРЫНДА ИТАЛИЯНЫН ИМАРАТЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ.

ДАРЕГИ : VIA CLITUNNO 2, 00198 ROMA.

Шайлоого катышуу үчүн сөзсүз түрдө 2021-жылдын 10-январында Элчилике келүү зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, он-лайн режими аркылуу, алыстан, же болбосо ишеним кат аркылуу добуш берүү мүмкүн эмес.

Баардык суроолор боюнча Элчилике кайрылыңыздар:

1. Email: kgembassy.it@mfa.gov.kg  ШАЙЛОО 2021 белгиси менен

2. Тел. +39 06 97271 226

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK