Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралында № 60-токтому менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык:

  1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан же алардын катышуусу менен түзүлгөн жана чет мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн арналган документтер, эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык аларды пайдалануу ошол чет мамлекетте ал мамлекетте мыйзамдаштырууну ишке ашыруу каралган учурларда мыйзамдаштырылат.
  2. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга арналган документтер (мындан ары - чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтер) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында аларды пайдалануу мыйзамдаштырууну ишке ашыруу зарылдыгы менен шартталса, бул Жободо белгиленген тартипте мыйзамдаштырылат.

Эскертүү: Катар Мамлекети 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясынын мүчө өлкөлөрүнүн катарына кирбейт. Ушуга байланыштуу, апостиль коюу жолу менен тастыкталган расмий документтер Катар Мамлекетинде юридикалык күчкө ээ эмес жана мыйзамдаштыруу жол-жоболорунан бошотулбайт.

Катар Мамлекетинде колдонуу үчүн, документтерди мыйзамдаштыруу:

Документтерди мыйзамдаштыруу үчүн, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө төмөнкүлөрдү алып келүү керек:

  1. Документти мыйзамдаштыруу өтүнүчү камтылган арыз (паспорттун жана Катар ID –картасынын көчүрмөсү тиркелет);
  2. Юридикалык жактарга – Арыз жазуучунун жеке маалыматтары камтылган (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар ж.б.) компаниянын Кыргызстандын Катардагы Элчисинин атына кат жазылышы керек;
  3. Мыйзамдаштырыла турган документтин көчүрмөсү, төмөнкү мамлекеттик органдардын мөөрлөрү менен тастыкталышы керек:
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариалдык конторасы;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адвокатура жана нотариат башкармалыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Эскертүү: Жогорудагы мамлекеттик органдардын мөөрлөрү жок болгон учурда, документ мыйзамдаштырууга кабыл алынбайт.

Кыргыз Республикасында колдонуу үчүн, документтерди мыйзамдаштыруу:

Катар Мамлекетинин мамлекеттик органдары аркылуу берилген баардык документтер Кыргыз Республикасынла колдонуу үчүн, Катар Мамлекетинин Консулдук иштер департаментинен, Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинен (юридикалык жактар үчүн) же башка компетенттүү органынан мыйзамдаштырылышы керек жана орус же кыргыз тилине которулушу керек.

Эскертүү: Жогорудагы мамлекеттик органдардын мөөрлөрү/чаптамалары жок болгон учурда, документ мыйзамдаштырууга кабыл алынбайт.

 

Документтерди мыйзамдаштыруу үчүн, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө төмөнкүлөрдү алып келүү керек:

  1. Документти мыйзамдаштыруу өтүнүчү камтылган арыз (паспорттун жана Катар ID –картасынын көчүрмөсү тиркелет);
  1. Юридикалык жактарга – Арыз жазуучунун жеке маалыматтары камтылган (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар ж.б.) компаниянын Кыргызстандын Катардагы Элчисинин атына кат жазылышы керек;

Консулдук мыйзамдаштыруу үчүн алына турган консулдук жыйымдардын тарифи:

Консулдук иш-аракеттердин аталыштары

Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын ставкалары (АКШ долл. менен)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн:

 

 -жеке жактардан;

 

-юридикалык жактардан.

 

 

 

 

 

 

 

 

25

 

75

Чет мамлекеттин мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн:

 

-жеке жактардан;

 

-юридикалык жактардан.

 

 

 

 

 

 

 

50

 

100

Билими тууралуу документтерди мыйзамдаштыруу үчүн:

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билими тууралуу диплому, Кыргыз Республикасынын орто билими тууралуу аттестаты, билим берүүчү курстарды аяктагандыгы тууралуу сертификаттар.

 

 

 

 

50