Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде он беш күндүн ичинде катталышат.

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук каттоого зарыл экендигин эскертет жана консулдук каттоого алуунун башкы максаты – конституциялык укуктарын коргоо (шайлоолорго катышуу), кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызызыкчылыктарын коргоо (документтерди жоготкон учурларда аларды кайра алууна жардам көрсөтүү үчүн) үчүн Катар Мамлекетиндеги Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүү болуп саналат.

Консулдук каттоого туруу үчүн, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө төмөндөгү документтерди алып келүү зарыл:

  1. Тиешелүү формадагы каттоо баракчасын толтуруу (Шилтеме аркылуу алуу);
  2. Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту;
  3. 3x4 өлчөмдөгү фотография (аркасы ак болуш керек).

Консулдук каттоого туруу акысыз жүргүзүлөт.

 

Link to file