Пайдалуу маалымат
Катар Мамлекетине кирүү визасын алуу
Кыргыз Республикасынын жарандары Катар Мамлекетине кириш үчүн, Катар Мамлекетинин системасынан Хайя карта алыш керек. Себеби, 2022-жылдан тартып катарлык тарап визанын ордуна Хайя карта киргизген. Хайя карта системасында Кыргыз Республиканын жарандары А1 категориясын ала алат. Ошондой эле, Катар Мамлекетине кириш үчүн Хайя картадан башка милдеттүү медициналык страховка керек.
Туристтик максат менен келе турган Кыргыз Республикасынын жарандары кирүүгө Хайя карта жана медициналык страховка алдын ала алышы керек.
Толугураак маалыматты Катар Мамлекетинин тиешелүү мамлекеттик органдарынан алса болот:
Катар Мамлекетинин Ички иштер министрлиги |
|
Hukoomi электрондук өкмөтү |
|
Туризм боюнча Катардын башкармалыгын |
|
Катардын Тышкы иштер министрлиги |
|
Катардын Бишкектеги Элчилиги |
|
Наyya Cart |
|
Qatar Airways |
|
Health Insurance |
https://www.moph.gov.qa/english/derpartments/policyaffairs/hfid/Pages/Health-Insurance-Scheme.aspx |
Эгерде жарандын паспортунда израильдин мөөрү/визасы болсо Катарга кирүүгө тыюу салынат.
Хамад Эл аралык аэропортуна келгенде
Паспорттун жарактуулугу |
Паспорттун жарактуулук мөөнөтү визага кайрылуу күнүнөн тартып алты айдан кем эмес болуш керек. |
Катарга эмнелерди алып кирүүгө тыюу салынат: |
|
Коопсуздук:
Катар – дүйнөнүн эң коопсуз мамлекеттеринин катарын толуктайт. Кылмыштуулуктун деңгээли абдан төмөн.
Полиция, өрт өчүрүү жана медициналык тез жардамын чакыруу кызматынын жалпы номери – 999.
Тыюу салуулар жана үрп-адаттар:
Кыргызстандын жарандары Катар Мамлекети мыйзам чыгаруунун негизин түзгөн Шариаттын өкүмү жүргөн мусулман өлкөсү экендигин билүү зарыл. Бул өлкөнүн үрп-адаттарын, каада-салтын, маданий өзгөчөлүктөрүн жана мыйзамдарын урматташ керек.