Виза маселелери

Чет мамлекеттин жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү, территориясында болуу жана Кыргыз Республикасынан чыгуу жарактуу жалпы жарандык паспорттун жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын визасынын негизинде уруксат берилет.

Е-ВИЗА тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын визасын алуу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында, электрондук виза порталын ишке киргизди.

Кыска мөөнөттөгү виза алууну каалагандар, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылбастан жөнөкөй эки эреженин негизинде ала алат: арыз берүү жана онлайн-төлөөнүн негизинде.

Электрондук виза, виза үчүн берилген арыздагыдай көп маалыматты талап кылбайт жана паспорттогу виза сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын аймагына чыгуу үчүн ошол эле укуктарды кепилдейт.

Бул портал аркылуу электрондук виза алуу көптөгөн артыкчылыктарды берет. Сиздердин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине барууңуздар жана документтерди көрсөтүүңуздөр зарыл эмес.

Биз үчүн төлөмдү ишке ашыруу үчүн интернет/кредиттик/дебеттик карта жана сиздин документтин сканерден өткөн көчүрмөсү керек.

Сиз электрондук визаны алууну Башкы бет бөлүгүнөн текшере аласыз >>> Зарыл маалыматтар >> Өлкөлөр боюнча маалымат жана өлкөнү тандоо.

Толугураак маалыматты “Электрондук визанын” https://www.evisa.e-gov.kg/ сайтынан жасап алсаңыздар болот.

Визалык жана визасыз режимдер

Кыргыз Республикасынын “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз
режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген:

1. Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен Королдугу

7. Венгрия

8. Германия Федеративдик

9. Нидерланддар Королдугу

10. Греция Республикасы

11. Дания Королдугу

12. Исландия

13. Ирландия

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Корея Республикасы

18. Кувейт Мамлекети

19. Латвия Республикасы

20. Литва Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Мальта Республикасы

24. Монако Княздыгы

25. Жаңы Зеландия

26. Норвегия Королдугу

27. Бириккен Араб Эмираттары

28. Польша Республикасы

29. Португалия Республикасы

30. Сауд Аравия Королдугу Республикасы

31. Сингапур Республикасы

32. Словакия Республикасы

33. Словения Республикасы

34. Америка Кошмо Штаттары

35. Финляндия Республикасы

36. Франция Республикасы

37. Хорватия Республикасы

38. Чехия Республикасы

39. Швейцария Конфедерациясы

40. Швеция Королдугу

41. Эстония Республикасы

42. Катар Мамлекети

43. Бруней-Даруссалам Мамлекети

44. Бахрейн Королдугу

45. Япония.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы № 125, 2011-жылдын 25-июлундагы №4052015-жылдын 23-июлу № 522, 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтомдоруна ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулат:

  1. Австралия
  2. Австрия Республикасы
  3. Бельгия Королдугу
  4. Болгария Республикасы
  5. Босния жана Герцеговина
  6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
  7. Венгрия Республикасы
  8. Германия Федеративдүү Республикасы
  9. Греция Республикасы
  10. Дания Королдугу
  11. Израиль Мамлекети
  12. Ирландия Республикасы
  13. Исландия Республикасы
  14. Испания Королдугу
  15. Италия Республикасы
  16. Канада
  17. Кипр Республикасы
  18. Корея Республикасы
  19. Литва Республикасы
  20. Латвия Республикасы
  21. Лихтенштейн Княздыгы
  22. Улуу Люксембург Герцогдугу
  23. Македония Республикасы
  24. Мальта Республикасы
  25. Монако Королдугу
  26. Нидерланд Королдугу
  27. Норвегия Королдугу
  28. Жаңы Зеландия
  29. Польша Республикасы
  30. Португалия Республикасы
  31. Румыния Республикасы
  32. Сербия Республикасы
  33. Словения Республикасы
  34. Сингапур
  35. Словакия Республикасы
  36. Америка Кошмо Штаттары
  37. Түркия Республикасы
  38. Финляндия Республикасы
  39. Француз Республикасы
  40. Хорватия Республикасы
  41. Черногория Республикасы
  42. Чехия Республикасы
  43. Швейцария Конфедерациясы
  44. Швеция Королдугу
  45. Эстония Республикасы
  46. Андорра
  47. Аргентина
  48. Ватикан
  49. Вьетнам
  50. Таиланд королдугу
  51. Сауд Аравия королдугу
  52. Мексика
  53. Бириккен Араб Эмираттары
  54. Сан-Марино
  55. Филиппин
  56. Албания Республикасы
  57. Бруней - Даруссалам
  58. Бразилия Федеративдүү Республикасы
  59. Индонезия Республикасы
  60. Түштүк Африка Республикасы
  61. Чили Республикасы
  62. Венесуэла Боливариандык Республикасы
  63. Катар Республикасы
  64. Кувейт Республикасы
  65. Оман Султанаты
  66. Бахрейн Королдугу
  67. Япония
  68. Иран Ислам Республикасы (*)

(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "ишкердик" жана "туристтик" категорияларына гана карата.