Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин көмөгү менен Катардын эркин экономикалык аймактарына (QFZ) жана Baladna компаниясынын фермасына таанышуу сапарлары уюштурулду

2571

2022-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин көмөгү менен “AGRITEQ- 2022" (2022-жылдын 10-14-марты) эл аралык көргөзмөсүнө катышып жаткан компаниялар үчүн Катардын эркин экономикалык аймактарына (QFZ) таанышуу сапары уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Катар Эркин Аймактар ​​Башкармалыгы (QFZA) Катардын эркин экономикалык аймактарындагы компанияларга сунушталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана стимулдар боюнча презентация жасап, Рас Буфонтас Эркин Зонасынын Бизнес-Инновация Паркына таанышуу сапарын уюштурду.

Катар мамлекетинин сүт өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу максатында Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрү региондогу ири мал фермаларынын бири болгон Катардын «Baladna» компаниясынын мал фермасында да болушту.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин көмөгү менен кыргыз делегациясы үчүн Катардын ири Alfardan Group компаниясынын айыл чарба бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечеги, анын ичинде Катар рыногуна ата мекендик продукцияны жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK