Кыргыз Республикасынын делегациясы Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын экономикалык жана кызматташтык форумуна катышты

155

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы 2024-жылдын 29-30-апрелинде Доха шаарында (Катар) Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын экономикалык жана кызматташтык форумунун 3-сессиясына катышты.

Сессиянын жыйынтыгында Доха декларациясы кабыл алынып, анда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелери, анын ичинде куралсыздануу жана тоо маселелери боюнча бир нече пункттар киргизилген.

Ж.Абдуллаева өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын форумга катышкан өлкөлөр менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусун, ошондой эле кыргыз тарап инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык климат түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар өлкөлөрдүн ортосундагы тарыхый мамилелерге, диний жана маданий байланыштарга басым жасап, катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү жолдорун жана келечегин, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Тараптар Араб өлкөлөр, Борбор Азия жана Азербайжандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн катышуучу өлкөлөрдүн өзүнчө жолугушууларын өткөрүүнү макулдашышты.

  • Кыргыз Республикасынын делегациясы Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын экономикалык жана кызматташтык форумуна катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK