Виза маселелери

Виза алуу ʏчʏн керектʏʏ документтер

  1. 3х4 сʏрɵт 1 даана;
  2. Толутурлган визалык анкета;
  3. Паспорттун кɵчʏрмɵсʏ;
  4. Казакстан Республикасында убактылуу туруу тууралу кʏбɵлɵктүн көчүрмөсү же Казакстан Республикасынын визасынын көчүрмөсү;
  5.  Виза ʏчʏн тɵлɵм АО "Народный Банк Казахстана" банкында жүргүзүлөт. (тɵлɵм негизи - акы төлөнүүчү кызматтар).

Кыргыз Республикасынын "Электрондук визасы" www.evisa.e-gov.kg

"Электрондук виза" системасы чет мамлекеттердин жарандарына Интернет аркылуу 90 күнгө чейин Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу туристтик же ишкердик визасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелерине, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу Эл аралык өткөрүү пунктудагы визалык пунктуна кайрылбастан алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынындагы юридикалык жактар учун чет өлкөлүк жарандарды (жеке жана туристтик топтордун окүлү катары) өлкөгө чакырууга жана алар үчүн кыска мөөнөттүк ишкердик же туристтик электрондук визасын аллуга арыз тапшыруу мумкун.

Кыргыз Республикасынын кыска мөөнөттүк иш жана туристтик визалары 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилет жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарамдуулук мөөнөтүн узартууга укугу каралбайт.

Визаны электрондук түрдө алуу үчүн чет өлкөнүн жараны же кабыл алуучу уюмдарга "Evisa.e-gov.kg" интернет-сайтында атайы форманы толтуруп, анын ичинде байланыш үчүн маалыматты жана Кыргызстанга пландаштырылган сапары туралуу маалыматты көрсөтүүнү керек. Ошондой эле чет элдик жарандын сүрөтүн жана паспортунун (жарактуу жүрүү документинин) сүрөтүн жүктөп берүү керек болот. Консулдук жыйымдарды төлөө "Visa" жана "MasterCard" банктык төлөм карталары аркылуу жүргүзүлөт. Электрондук виза алуу үчүн арызын карап чыгуу мөөнөтү үч жумуш күнүн түзөт.

Электрондук визаны берүү же визаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Электрондук визаны алууда система дароо «Электрондук виза» сайтына шилтеме берет. Сайттан смартфондогу мобилдик колдонмолордун жардамы менен окулуучу өзгөчө QR-коду бар электрондук визаны басып чыгаруу мүмкүн.

"Электрондук виза" системасы аркылуу виза алган чет өлкөлүк жарандар  Кыргызстанга Бишкек шаарында жайгашкан эл аралык «Манас» аэропорту, Ош шаарындагы эл аралык «Ош» аэропорту, ошондой эле Казакстан Республикасы менен чектешкен "Ак жол" чек ара аркылуу өткөрүү пункту аркылуу гана кирүү жана чыгууга тийиш.

Электрондук визаны алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жогоруда белгиленген пункттары аркылуу жүрүү документиндеги виза чаптамасы жок өтүшөт. Электрондук визанын бар болушун, категориясын, визаны колдонуу мөөнөтүн, визанын канча жолку болушун текшерүү басып чыгарылган электрондук визадагы атайын QR-кодду сканерлөө аркылуу мүмкүн болот.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эскертет: Кыргызстанга сапар алуучу чет өлкөлүк жарандар визаны «Электрондук виза» системасы аркылуу же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелерине, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу Эл аралык өткөрүү пункттарына кайрылуу жолу менен алууга укуктуу.

 

 

Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим

 

Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу.

 

Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин

ТИЗМЕСИ

 

Австралия

Австрия Республикасы

Бельгия Королдугу

Болгария Республикасы

Босния жана Герцеговина

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

Венгрия Республикасы

Германия Федеративдүү Республикасы

Греция Республикасы

Дания Королдугу

Израиль Мамлекети

Ирландия Республикасы

Исландия Республикасы

Испания Королдугу

Италия Республикасы

Канада

Кипр Республикасы

Корея Республикасы

Литва Республикасы

Латвия Республикасы

Лихтенштейн Княздыгы

Улуу Люксембург Герцогдугу

Македония Республикасы

Мальта Республикасы

Монако Королдугу

Нидерланд Королдугу

Норвегия Королдугу

Жаңы Зеландия

Польша Республикасы

Португалия Республикасы

Румыния Республикасы

Сербия Республикасы

Словения Республикасы

Сингапур

Словакия Республикасы

Америка Кошмо Штаттары

Түркия Республикасы

Финляндия Республикасы

Француз Республикасы

Хорватия Республикасы

Черногория Республикасы

Чехия Республикасы

Швейцария Конфедерациясы

Швеция Королдугу

Эстония Республикасы

Андорра

Аргентина

Ватикан

Вьетнам

Таиланд королдугу

Сауд Аравия королдугу

Мексика

Бириккен Араб Эмираттары

Сан-Марино

Филиппин

Албания Республикасы

Бруней - Даруссалам

Бразилия Федеративдүү Республикасы

Индонезия Республикасы

Түштүк Африка Республикасы

Чили Республикасы

Венесуэла Боливариандык Республикасы

Катар Республикасы

Кувейт Республикасы

Оман Султанаты

Бахрейн Королдугу

Япония

Иран Ислам Республикасы(*)

(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын «ишкердик» жана «туристтик» категорияларына гана карата.