Өлкө туралуу маалымат

Казакстан Республикасы президенттик башкаруу формасы менен унитардуу мамлекет болуп саналат. Конституцияга ылайык, өлкө өзүн демократиялык, динден тышкары, укуктук жана социалдык мамлекет катары сыпаттап, жогорку байлуулугу катары адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиги болуп саналат.

Казакстан эгемендүүлүккө 1991-жылдын 16-декабрында жетти. Борбор шаары – Астана,  2019-жылдын 23 мартынан - Нур-Султан. Мамлекеттик тили – казак тили. Орус тили улуттар аралык тил статусуна ээ. Акча бирдиги – тенге.

Казакстан Республикасынын Президенти мамлекеттин жетекчиси, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктаган жана Казакстанды өлкөнүн ичинен жана эл аралык катнаштарда көрсөткөн жогорку кызмат адамы болуп саналат. Президент – элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин, Конституциянын туруктуулугунун, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин символу жана гаранты. Өкмөт – Казакстан Республикасынын аткаруу бийлигин ишке ашырат, аткаруу органдарынын тутумун башкарат жана алардын ишмердүүлүгүн жетектейт. Мыйзам чыгаруу функцияларын туруктуу негизде иш алып барган Сенат жана Мажилис эки палатадан турган Казакстан Республикасынын Парламенти жүргүзөт.

Сенат конституциялык мыйзам белгилеген тартипте ар бир областтан, республикалык маанидеги шаардан жана Казакстан Республикасынын борборунан эки адамдан көрсөтүлгөн депутаттар түзөт. Президент Сенатта  коомчулуктун улуттук-маданий жана башка маанилүү кызыкчылыктарын көрсөтүүнү камсыздоо зарылчылыгын эске алуу менен анын он беш депутатын дайындайт. Мажилис конституциялык мыйзам белгилеген тартипте шайланган жети депутаттан турат. Мажилистин тогуз депутаты Казакстан элинин Ассамблеясы тарабынан шайланат. Сенаттын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алты жыл, Мажилистин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – беш жыл. Азыркы учурда Мажилис үч партиядан турат – “Нур Отан” партиясы, “Ак жол” Казакстандын Демократиялык партиясы жана Казакстандын элдик коммунисттик партиясы. Мындан башка парламентте Казакстан элинин Ассамблеясы тарабынан шайланган депутаттар бар.

Административдик-территориалдык түзүм боюнча өлкө 14 областка жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнгөн.

Казакстандын калкынын саны 2017-жылдын 1-февралына карата 17 млн. 945 миң 300 адамды түзөт. Казак коомчулугунун этникалык түзүмү 2009-жылдын улуттук каттоосуна ылайык төмөнкүнү түзөт:
казактар - 63,07%, орустар - 23,70%, өзбектер - 2,85%, украиндер - 2,08%, уйгурлар - 1,40%, татарлар - 1,28%, немецтер - 1,11%, башкалар - 4,51 %.

Казакстан Евразиялык континенттин борборунда жайгашкан. 2 млн. 724,9 миң квадрат километр жерди ээлеген өлкө дүйнө мамлекеттеринин арасынан аянты боюнча тогузунчу орунда турат. Түндүктө жана батышта республика Россия менен чектешет – 7 591 км (дүйнөдөгү эң узун үзгүлтүксүз кургак аймак менен өткөн чек ара), чыгышта Кытай менен – 1783 км, түштүктө Кыргызстан – 1 242 км, Өзбекстан – 2 351 км жана Түркмөнстан менен – 426 км. Кургак аймактагы чек аранын жалпы узундугу 13 200 км. Мындан башка республика ички континенталдуу деңиздер – Каспий жана Арал менен курчалат. Казакстан – Дүйнөлүк океанга түз жол жок дүйнөдөгү эң ири өлкө.

Өлкөнүн көп бөлүгүн 44 % чөлдөр жана 14 % жарым чөлдөр ээлейт. Талаа чөлдөр Казакстандын 26 %, токойлор – 5,5 % түзөт. Казакстанда 8,5 миң дарыя бар. Каспий деңизинин акваториясынын түндүк-чыгыш бөлүгү республиканын чегине кирет. Арал деңизи Казакстан менен Өзбекстандын ортосунан бөлүнгөн. Казакстанда 48 миңден ашык чакан көлдөр бар. Анын эң ирилери Балхаш, Зайсан жана Алакол. Океандардан алыс жайгашканынан улам өлкөнүн климаты курч континенталдуу. Январдын орточо температурасы -190Сдан түндүктө -20Сга чейин түштүктө, июлдун орточо температурасы +190Сдан түндүктө +280Сга чейин түштүктө. Жайы ысык жана кургак келип, кышы – муздак жана кардуу.

Казакстан Республикасы – индустриалдуу өлкө, анын экономикалык өсүмүнүн негизги булактары пайдалуу кендер болуп саналат. Өлкөнүн минералдык-сырьелук базасы 5 миңден ашык кен жайларынан турат, алардын болжолдуу баасы ондогон трлн. АКШ долларга бааланат. Республика дүйнөдөгү цинк, вольфрам жана бариттин өздөштүрүлгөн кору боюнча биринчи орунда турат, күмүш, коргошун жана хромит боюнча экинчи, жез жана флюорит – үчүнчү, молибден – төртүнчү, алтын – алтынчы орунда турат.

Казакстан мындан башка батыш областтарда жайгашкан мунай жана газдын ири коруна ээ. Бүгүнкү күнү өлкө жылына 80 млн.тоннадан ашык мунай жана газ конденсаты менен дүйнөдөгү алдыңкы мунай казуучу мамлекеттердин катарына кирет. Ар жылдык казууну 2020-жылга 120 млн. тоннага чейин жогорулатуу мерчемделип жатат. Азыр Казакстан мунайдын тастыкталган кору боюнча дүйнөдө 9-орунда турат. Мындан башка республика көмүр кору боюнча ранг жөнүндө дүйнөлүк табелде 8-орунда, урандын кору боюнча – 2 орунда турат.

Салтка жараша өлкөдө айыл чарбаны өнүктүрүүгө ири көңүл бурулат. Казакстан данды экспорттоочулардын дүйнөдөгү алдыңкы ондугуна кирет жана унду экспорттоо боюнча лидерлердин бири болуп саналат. Түндүктөгү 70 % айдоо жерлер дан жана буудай, арпа, таруу менен айдалган. Өлкөнүн түштүгүндө күрүч, пахта жана тамеки өстүрүлөт. Казакстан бактары, жүзүмдөрү жана бакчалары менен атагы чыккан. Мал чарбачылык айыл чарбанын алдыңкы тармагына кирет, анын башкы багыттары ири мүйүздүү мал, жылкы, төө жана чочко өстүрүү болуп саналат. Республикада мындан башка куш чарбасы жана балыкчылык өнүккөн.

Кыска тарыхый мөөнөттө – 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн ар бир тургунуна ИДП 16 эсе жогорулады – 700дөн 12 000 АКШ долларына чейин. Эгемендүүлүк алгандан бери Казакстан 200 млрд. чет өлкөлүк инвестиция тартып келген, ал Борбордук Азияга тартылган бардык инвестициянын жалпы көлөмүнүн 70 %га жакынын түзөт. Өлкөнүн алтын валюталык резервдери 2016-жылдын аягына 90,8 млрд. АКШ долларын түздү, анын 61 млрд. доллары Улуттук фондго тиешелүү.

Дүйнөлүк банктын рейтингине жараша бизнести жүргүзүүнүн шарты боюнча 2017-жылы Казакстан 35-орунду ээлеп, КМШ өлкөлөрүнүн баарынан озуп кетти.

Казакстандын 2017-жылдагы тышкы соода жүгүртүлүшү 77,6 млрд. АКШ долларынан ашып кетти. Башкы экспорттук товарлар катары казылуучу, отун-энергетикалык, металлургиялык жана химиялык өнөр жай продукциясы, ошондой эле дан индустриясы болуп саналат. Республиканын негизги соода өнөктөштөрү – Россия, Кытай, Европа жана КМШ мамлекеттери.

Азыркы күндө республикада 130 этностун өкүлдөрү жашайт, этнос аралык катнашты гармонизациялоо боюнча консультативдик-кеңештик орган – Казакстан элинин Ассамблеясы ишин ийгиликтүү жүргүзөт. Казакстан бир катар эл аралык уюмдардын – КМШ, ШКУ, ЕАЭБ ж.б. алкагында ар кандай өлкө-өнөктөштөр менен өз ара активдүү иш алып барат.

2010-жылдын башында Беларусь, Казакстан жана Россиянын Бажы биримдиги, ал эми 2012-жылдын 1-январынан – Бирдиктүү экономикалык аймак ишин баштады. 2015-жылдын 1-январында Евразиялык экономикалык биримдикти (ЕАЭБ) түзүү жөнүндө Келишим күчүнө кирди. Бул бирикмелер мамлекет-катышуучуларынын экономикаларынын натыйжалуу өнүгүшүнө, товарларды жана кызматтарды эркин которуштуруу принцибинин негизинде калктын жашоо турмушун жогорулатууга багытталган.

2019-жылдын 19-мартында 2019-жылдын 20-мартындан өз арызы боюнча Президенттин кызматтан кетиши жөнүндө Нурсултан Назарбаев жарлыкка кол койду.

2019-жылдын 20-мартындан Казакстан Республикасынын учурдагы президенти, Конституция боюнча, Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Toкаев болуп калды.

2019-жылдын 9-апрелинде Казакстан элине өзүнүн сыналгы кайрылуусунда Касым-Жомарт Toкаев жылдын 2019-жылдын 9-июнуна пландаштырылган мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жарыялады.

2019-жылдын 9-июнунун шайлоо жыйынтыгы боюнча 70,96% добушка ээ Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Tокаев утуп алган.

2019-жылдын 12-июнунда К.-Ж. Токаевдын инаугурациясы болуп өттү.

2020-жылдын 4-майынан тартып Казакстан Республикасынын Сенатынын төрагасы Маулен Сагатханулы Ашимбаев шайланган.

2022-жылдын 1-февралынан тартып Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин төрагасы  Ерлан Жаканович Кошанов болуп саналат.

2022-жылдын 11-январынан тартып Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Асханович Смаилов болуп саналат.