Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү

5451

Бүгүн, 2019-жылдын 24-январында, Казакстан тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында болгон окуя жөнүндө маселе козголгон. Алсак, тараптар 2019-жылдын 23-январында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү жана Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын ок атуучу куралды колдонгондугу менен байланышкан жагдайды талкуулашты. Азыркы күндө эки өлкөнүн тиешелүү органдары тыгыз байланышып, аракет кылганы, каза болгон адамдын туугандарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканы белгиленди. Министрлер мындан башка эки өлкөнүн ортосундагы салтка айланган достук жана бир туугандык мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө эки жакка тең багытталышынын маанилүүлүгүн белгилөө менен эки тараптуу кызматташтыктын комплекстүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK