Астанада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мекендештер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

219

2024-жылдын 28-апрелинде Астанада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө алкагында жана Казакстандын Биримдик күнүнүн урматына Астана шаарында жашаган мекендештер арасында Кыргызстандын айрым облус, район жана айыл округдар ортосунда волейбол боюнча мелдеш өттү.

Турнирдин ачылышында Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дүйшекеевдин кайрылуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен көп кылымдык кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү түптөлгөндүгү белгиленди. Ага байланыштуу облустун түптөлүшүнүн тарыхы жана негиздөөчүлөрү, ошондой эле Элчиликтин быйылкы жыл бою юбилейге арналган ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү пландары маалымдалды.

Чогулгандарга ошондой эле Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын апрель айында Казакстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы жаңылыктар жана жетишкендиктер, ошондой эле консулдук багыт боюнча башка пайдалуу маалыматтар түшүндүрүлдү.

Турнирге жалпысынан төмөнкү 8 команда катышты:

  1. Ноокат
  2. Өзгөн
  3. Кара-Кулжа
  4. Жалал-Абад
  5. Талас
  6. Алай
  7. Кара-Суу
  8. Алайку.

Финалда Өзгөн районунун командасы Кара-Кулжа районунун командасын жеңип алды. Жалал-Абад командасы Ноокат районунун командасы жеңип, үчүнчү орунду ээледи. Жеңүүчү командаларга жана өзгөчөлөнгөн оюнчуларга акчалай сыйлыктар, кубок, медалдар жана грамоталар тапшырылды.

«Ноокат коому» тарабынан уюштурулган мекендештер арасындагы турнирдин аталган форматы биринчи жолу өткөрүлүп, бирок мекендештер арасында мындан ары аталган турнирди кезектеги уюштуруучулар менен үзгүлтүксүз өткөрүп туруу макулдашылды. Турнирдин жыйынтыгы менен кезектеги турнирди Жалал-Абад облусунан келген мекендештер 2024-жылдын сентябрь айында уюштуруу ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK