Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин 2018-жылдын 19-декабрындагы Пресс-релизи

7274

2018-жылдын 18-декабрында Казакстандын башкы сахнасы – “Астана Операсында” Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Чыңгыз Ааламы” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги жана “Астана Опера” мамлекеттик опера жана балет театры тарабынан уюштурулду. 

Концерттик программага А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет артисттери катышып, “Саманчынын жолу” балет-ораториясынан үзүндү аткарышты.

Казакстандын көрүнүктүү маданий ишмерлери – СССРдин жана Казакстан Республикасынын Эл артисти,  Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Алибек Днишев, РСФСРдин эмгек сиңирген артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова, Казакстан Республикасынын Эл артисти Гүлжан Аспетова, Казакстан Республикасынын Эл акыны Мухтар Шаханов жана башкалар Ч.Айматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп беришти, ошондой эле анын чыгармалары боюнча музыкалык номерлер аткарылды. Артисттердин курч номерлерин Ч.Айтматовдун цитаталары, анын чыгармачылыгынын образдары,  философиясы жана аалам руху жөнүндө ой-толгоолору менен атайын даярдалган видеосюжеттер толуктады.

Куттуктоо сөз менен кечени Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри А.Мухамедиулы ачып беришти. Толук аншлаг менен өткөн концертте жазуучунун уулу А.Айтматов, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев, коомчулуктун жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Астанадагы кыргыз диаспорасы катышты.

Аткаруучулардын жогорку чеберчилиги жана залкар жазуучунун чын жүрөктөн кадырына баа берүү жана жаркын элесине сый көрсөтүү менен өткөн  концерттин жандүйнөдөн чыккан атмосферасы көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыктуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK