Документтерди мыйзамдаштыруу

Консулдук документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн документтерди мыйзамдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариалдык конторасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгы;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти;
  4. Кыргыз Республикасында аккредиттелген документтер колдонула турган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси.

Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди мыйзамдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Чет мамлекеттин компетенттүү органы;
  2. Чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан мыйзамдаштырылбаса:

  1. Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Консулдук мыйзамдаштырууга жатпаган документтер:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-февралдагы 2011-жылдагы токтому менен бекитилген "консулдук мыйзамдаштырууну жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобого" ылайык, төмөнкү документтер мыйзамдаштырылбайт:

  • паспорт
  • аскердик билеттер
  • эмгек китепчелери
  • айдоочунун күбөлүгү
  • транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө техникалык паспорттор
  • профсоюз билеттери
  • класстарга жана диний ишенимдерге таандык экендиги жөнүндө документтер

Ошондой эле мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон же анын жарандарынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган документтер мыйзамдаштырууга жатпайт.