Кыргыз Республикасы жөнүндө маалымат

Мамлекет Борбордук Азиянын  түндүк-чыгышында. Түштүк-батыш жагында Памир-  Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань жагында. Казакстан, Тажикстан,  Өзбекстан жана Кытай менен чектешет

Борбору:

Бишкек шаары

Региону:

Борбордук Азия

Аймагы:

199 951 км²

Калкы:

6,523,529 адам (2020).

Эгемендүүлүктүн датасы:

1991 жыл 31 август

Мамлекеттик тили:

Расмий тили:

Кыргыз тили

Орус тили

Админи­стра­тивдик бөлүнүүсү:

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу, Ош шаары жана Бишкек шаары. Облустук борборлор — Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Мамлекеттик башкаруу системасы:

Президенттик башкаруу система

Мамлекеттин башчысы:

Президент

Жогорку мыйзам чыгаруу органы:

Бир палаталуу парламент (Жогорку Кеңеш), ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жыл.

Жогорку аткаруучу орган:

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети.

Акча бирдиги:

Кыргыз сому (KGS).