КР ТИМдин 2024-жылдын 18-майына карата маалымат билдирүүсү

278

2024-жылдын 18-майына караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу Министрлик төмөнкүнү билдирет.

Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн.

Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган.

Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган.

Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

Ошону менен бирге, Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK