Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Ал-Фарвания губернаторлугунун башчысы шейх Мишал Жабер Абдаллах Жабер Ал Сабах менен жолугушту

2920

 

2021-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин калкы эң көп жана өлкөнүн маанилүү административдик бөлүгү Ал-Фарвания губернаторлугунун башчысы шейх Мишал Жабер Абдаллах Жабер Ал Сабах менен жолугушту.

Шейх Мишал Жабер Абдаллах Жабер Ал Сабах жолугушуунун жүрүшүндө кувейттик жарандар үчүн Кыргызстан жаңы туристтик тренд болуп калгандыгын белгилеп, жарандар кыргыз элинин табияты, салты, маданияты жана түрдүү тамактарды камтыган ашканасы тууралуу жакшы пикирлери бар экенин билдирди.

Буга байланыштуу, Элчи А.Карагулов губернатор Мишал Ал Сабахты Бишкек шаарына сапар менен барууга чакырып, ошондой эле кувейттик жана араб туристтери үчүн ыңгайлуу эсептелген Кыргызстандын туризм тармагына жана азык-түлүк тармагына жеке инвесторлорду тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Аны менен катар, тараптар мындан аркы товар алмашуу, туризм жана жеке тармактын өкүндөрүнүн байланышы тууралуу пикир алмашып, Эл-Кувейт менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосундагы түз аба каттамдын ачылуу шартында кыргыз жана кувейттик жарандарга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылгандыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK