Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин тарыхы

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы 1992-жылдын 5-январында дипломатиялык мамилелерди түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 6-апрелиндеги № 110 «Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 13-майындагы № 205 “Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги жөнүндө” Токтомуна ылайык түзүлгөн. Расмий ачылышы 1993-жылдын 31-августунда болгон. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эднан Карабаев катышты.

1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы биринчи Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муратбек Иманалиев болгон.

Элчилер Марат Саралинов (1996-2001), Эрлан Абдылдаев (2001-2005), Камил Султанов (2005-2007), Кадырбек Сарбаев (2007-2009), Жээнбек Кулубаев (2009-2013), Канайым Бактыгулова (2013-2017 жана 2019 - 2022), Азамат Усенов (2017-2018), Актилек Мусаева (2022-жылдын сентябрынан азыркыга чейин) эстафетаны колго алышып, М.Иманалиев баштаган кыргыз-кытай мамилелерин орнотуу, өнүктүрүү жана чыңдоо багытында баштаган ишти  улантышты.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда 340ка жакын мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлган, бул олуттуу келишимдик базанын бар экендигин жана эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө умтулуусун айгинелейт.

Кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатат. Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним, салттуу достук жана жакшы коңшулук мамилелер шарт түзүүдө.