Өлкө туралуу маалымат

Малайзия (Malaysia), Малайзия Федерациясы (Persekutuan Tanah Malaysia, англисче Federation of Malaysia) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүк-Кытай деңизи экиге (батыш жана чыгыш) бөлөт. Батыш Малайзия Малакка жарым аралынын түштүк жээгинде орун алып, ага жээк тилкесинде жайгашкан аралдар (Пинанг, Ланкави, Сирибуат ж. б.) кирет. Ал түндүгүнөн Таиланд, түштүк-чыгышынан Индонезия, түндүгүнөн Бруней менен чектешип, чыгышынан Тынч океандын деңиздери Сулу, Сулавеси менен чулганат. Түштүк-батышынан Малакка кысыгы аркылуу индонезиялык Суматра аралынан, түштүгүнөн кууш Жохор кысыгы (дамба курулган) менен Сингапур аралынан бөлүнүп турат. Чыгыш Малайзия Калимантан аралынын түндүк-батыш жагын жана майда аралдарды (Лабуан, Банги, Баламбанган ж. б.) ээлейт. Аянты 329,8 (ички акваториясыз 328,6) миң км2. Калкы 29,3 млн (2011). Борбору – Куала-Лумпур (улуттук жана мыйзам чыгаруучу борбор, парламенттин келүүчү жайы жана монархтын резиденциясы). Малайзиянын аткаруучу жана сот органдары атайын курулган административдик борбору Путражаяга (Куала-Лумпурдун шаар айланасы) көчүрүлгөн. Административдик-аймактык жактан 13 штатка (7 султандык, 2 княздык, 4 губернаторлук) жана 3 федерация аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – малайзия ринггити.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009) Малайзия – БУУнун (1957), Ынтымакташтыктын (1957), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1957), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын мүчөсү (1995).

Мамлекеттик түзүлүшү

Малайзия – федеративдүү мамлекет. Конституциясы 1957-жылы (1963-жылы толуктоолор киргизилген) кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – монарх. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу (Өкүлдөр палатасы жана Сенат) парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган министрлер кабинети ишке ашырат. Малайзияда көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Улуттук фронт, Ислам партиясы, Демократиялык кыймылдар партиясы ж. б.

Калкы

Калкынын негизин малайялар (66,4%) түзөт. Ошондой эле даяктар оранг-лауттар, аслилер жана кытайлар, явалыктар, сулулар, тайлар жашайт. Расмий тили – малай (малайзия) тили (англис тили кеңири таралган; мамлекеттик иш кагаздары да англис тилинде жүргүзүлөт). Калкынын 62,4%и мусулман, калгандары буддизм (19,2%), христиан (9,1%), индуизм (6,3%), конфуцийлик жана даосизм (3%) диндерин тутат. орточо жыштыгы 1 км2ге 87,4 киши (2009). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектерде – 70,6 жаш, аялдарда – 76,2. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 22,2), өлүм-житим 1000ге 5,0 (жаш балдардын өлүмү 1000ге 6,3). 100 аялга 101 эркек туура келет. Шаар калкы 70% (2008). Ири шаарлары: Куала-Лумпур, Субанг-Жая, Келанг ж. б.

Тарыхы

Малайзия аймагында адам алгачкы палеолит доорунда эле жашаган. Эң эзелки калкы – негр-австралоид уруулары. Азыркы малайялардын ата-бабалары Малайзияга биздин заманга чейинки 1-кылымдын башында Борбордук Суматрадан келген. Биздин заманга чейинки 5–6-кылымда Индия, Кытай жана Фунань менен байланышкан суу каттам жол түйүндөрүндөгү порт шаарчалардан алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 15–16-кылымда Малайзия аймагы Малакка султандыгына баш ийген. 1511-жылы Малайзияны португалдар, 1641-жылы нидерланддар басып алган. Малайзиянын батыш аймагында (Малайяда) бир нече султандык болгон. Алардын күчтүүсү Жохор 1756–58, 1983–87-жылдардагы согуштардан кийин голланддарга баш ийген. 18-кылымдын аягында М Малайзияны англиялык колониячылар басып ала баштаган. 1888-жылы Сарвак менен Сабах Британия протекторатын орноткон. 19-кылымда өзүнүн Малайядагы ээликтеринен Британия Малайя колониясын (Малайзия мамлекеттеринин федерациясы, ММФ) түзгөн. 19-кылымдын аягында Малайзиядагы чет элдик капиталдын 70%и англичандарга тиешелүү болуп, каучук иштетүүчү, коргошун эритүүчү ишканалар, темир жол куруучу, камсыздандыруу жана транспорт компаниялары, медициналык мекемелер, мектептер ачылган. Жергиликтүү эл англиялык колониячыларга каршы нечен жолу көтөрүлгөн. 1930-жылы Малая компартиясы (МКП) түзүлүп, алар 1934-жылы Малаяда жалпы иш таштоо уюштурган. 2-дүйнөлүк согуш учурунда Малайзия аймагын япон аскерлери оккупациялаган (1942). Малая элдеринин япондук баскынчыларга каршы армиясы уюшулуп (1943) куралдуу күрөшкө чыгышкан. Япония багынгандан ки­йин (1945-жылы 2-сентябрь) Малайзия аймагына кайтып келген британдык аскерлер (250 миң) Сингапурдан Малайяны бөлүп, 1946-жылы 1-июнда британ колониясынын статусундагы Малай Союзун (1948-жылдан Малай Федерациясы, МФ) түзүп, Саравак менен Сабахты Улуу Британия колонияларынын министерствосунун карамагына берген. Жаңы түзүлгөн колония элдик нааразычылыктарды туудурган. 1948-жылы МФтеги улуттук-боштондук кыймылды күч менен басып, МКП ж. б. бир катар демократиялык уюмдарга тыюу салган. Бирок азатчыл күрөш токтобой, 1949-жылы февралда Малайя элдеринин боштондук армиясы түзүлгөн. МФтин мыйзам чыгаруучу советине шайлоодо (1955) Алянс жеңип, Абдул Рахман башында турган өкмөт түзүлүп, 1957-жылы 31-августта МФнин көз карандысыздыгы жарыяланган. Бирок МФ аймагында жана Сингапурда Улуу Британия, Австралия жана Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү жайгаштырылган. Британ өкмөтү менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 1963-жылы 16-сентябрда Малай Федерациясы (Сингапур, Саравака, Сабаха, Бруня) түзүлүп, ислам официалдуу дин катары таанылган. 1960-жылдардын 2-жарымынан Малайзия өкмөтү блокторго кошулбоо жана тынчтыкта жанаша жашоо саясатын жүргүзүүгө өтүп, премьер-министр (1970-жылы сентябрдан) Абдул Разак Түштүк-Чыгыш Азияны бейтараптоо планын көтөргөн. 1981-жылы июлда МФга Махаткир Мохамеддин премьер-министрликке келиши менен өкмөт экономикалык модернизациялоо багытында экспорттолчу товарларды чыгаруу жана кайра иштетүү ишканаларын күчөтүп, инфраструктураны жаңыртууга багыт алган. Малайзия дүйнөдө каучук, коргошун, пальма майын экспорттоо боюнча алдынкы орундарда. Малайзия жогорку технологиялык сапаттагы тиричиликте кеңири колдонулуучу техникаларды (радио, электроника, компьютер ж. б.) чыгаруу боюнча маанилүү борборго айланган. 1997–98-жылдары азиялык финансы кризисинде Малайзия ЭВФтин жана батыш фондуларынын жардамынан баш тартып, Түштүк-Чыгыш Азияда регионалдык экономикалык интеграцияны күчөтүү идеясын активдүү колдогон. Малайзия дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык жана соода мамилелери бар. 2009-жылдан премьер-министри Нажиб Тун Абдул Разак.

Экономикасы

Малайзия – заманбап индустриялуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Социалдык өнүгүү деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында өтө жогору. ИДПнин көлөмү 461,4 млрд долларды (АКШ, 2010) түзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында 14- жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3-орунда. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,7 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56%, Өнөр жайдыкы 37, айыл чарбаныкы (токой жана балык чарбасы менен бирге) 7. Өлкөгө түз келген чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 8,4 млрд доллар. Ири инвесторлору: Япония, Сингапур, АКШ, Германия, Франция, Австралия, Тайвань. Улуттук ири мамлекеттик компаниялары: «Petronas» («Petroliam Nasional Berhad»; өлкөнүн ири нефть-газ корпорациясы), «Tenaga Nasional» (электр энергетика), «Perusahan Otomobil Nasional» («Proton») жана «Perodua» (автомобиль чогултат) ж. б. 2008-жылы 120,5 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95%и ЖЭСке туура келет. Электроника, электр-техникалык, машина куруу (жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар, тиричилик кондиционерлери; дүйнөдөгү эң алдынкы өндүрүш), жыгач иштетүү, түстүү металлургия (негизинен калай эритилет; жылына 35 миң тонна, дүйнөдөгү эң ири завод), химия (табигый каучукту өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда, Таиланд менен Индонезиядан кийин; жылына 1,27 млн тонна), нефть-химиялык (полипропилен, этилен, пропилен, параксилен, бензол ж. б.), фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-косметика (пальма, кокос, арек майлары колдонулат), жыгаччылык, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Куала-Лумпурдун шаар агломерациясынын түштүк бөлүгүндө Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң ири технополис (административдик борбору – Сайбержая; «мультмедиа супер-коридору» же «малайзия силикон өрөөнү») өнүгүүдө. Автомобиль өндүрүшү жылына 442 миң даана машина (Түштүк-Чыгыш Азияда Таиланддан кийин 2-орунда) чогултат. Айыл чарба техникаларын (трактор, шалы жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу жана кеме куруу өнүккөн. Кеме оңдолот. Нефть (34,2 млн тонна, 2007) жана газ (1,7 млн тонна) казып алуу боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда 2-орунда (Индонезиядан кийин). Өлкөнүн ички керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат. Негизги азыктары – күрүч, кассава, жер жаңгак ж. б. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык уулоо өнүккөн. Деңиз продуктылары даярдалат. Автомобиль жолунун Узундугу 98,7 миң км (2008), темир жолунуку 1890 км. Дарыяларында, деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Келанг, Танжунг-Пелепас, Пасир-Гуданг ж. б. Сыртка нефть, каучук, өсүмдүк ма­йын, калай, тропик жыгачтарын, автомобиль, бут кийим, кездеме, электрондук өнөр жай продукциясын (транзистор), радиотехникалык каражаттарды ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, АКШ, Сингапур, Европа Биримдиги өлкөлөрү, Түштүк Корея, Кытай.