Документтерди мыйзамдаштыруу
Тариздөө
Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн керектелүүчү документтердин тизмеси:
– жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткен учурда:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
- КРнын жаранынын паспорту – ID-карта (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Документтин жоголгондугунун себеби баяндалган арыз-түшүндүрмө;
- Документтин жоголгондугун тастыктоочу РФнын укук коргоо органдарынан берилген документ;
- РФнын аймагында туруусунун мыйзамдуулугун тастыктоочу уруксат документ (миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо, же туруктуу жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат берилгендиги тууралуу штамп (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
– паспорттун мөөнөтү өтүп кеткенде, булганып жараксыз болгондо, же жеке маалыматтар өзгөртүүгө байланыштуу:
- КРнын жаранынын паспорту (түп нускасы + көчүрмөсү);
- РФнын аймагында туруусунун мыйзамдуулугун тастыктоочу уруксат документ (миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо, же туруктуу жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат берилгендиги тууралуу штамп (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
– 16 жашка чыккан жарандын жана 16 жашка чыга элек балдардын алгачкы паспорт алуусу:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоосу (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Ата-энелеринин паспорттору + көчүрмөсү;
- Ата-энелеринин жарандыктары ар кандай болгон учурда, баласынын КРнын паспортун алууга чет өлкөлүк атасынын же энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
- Ата-энелеринин никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
– эгерде жаран мурун КРнын жалпы жарандык паспортун ала элек болсо жана паспорту-ID-картасы болсо:
- КРнын жаранынын паспорту – ID-карта (түп нускасы + көчүрмөсү);
- РФнын аймагында туруусунун мыйзамдуулугун тастыктоочу уруксат документ (миграциялык карта, РФнын аймагында каттоо, же туруктуу жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат берилгендиги тууралуу штамп (түп нускасы + көчүрмөсү);
- Никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы + көчүрмөсү);
КРнын жарандыгына тиешелүү/тиешелүү эместигин аныктоочу документтердин тизмеси
- Арыз берүүчүнүн документинин же анын жеке инсандыгынырастоочу паспорттун түп нускасы же көчүрмөсү;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Жашаган жеринен маалым-кат;
- Өмүр баяны;
- 4х6 көлөмүндөгү фото сүрөт 2 даана (кара-ак түстө болушу мүмкүн).
Кыргызстандын жарандыгынан чыгууну тариздөө үчүн документтердин тизмеси
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу тууралуу арыз-анкета үч нускада;
2) туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмө);
3) нике тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмө) – никеде турган жарандар үчүн;
3.1.) никени ажыратуу тууралуу күбөлүк (түп нуска+ 3 көчүрмө) – никеси ажыраган жарандар үчүн;
3.2.) жолдошунун (жубайынын) өлүмү тууралуу күбөлүк (түп нуска+ 3 көчүрмө) – жесир жарандар үчүн;
3.3.) жолдошунун (жубайынын) өлүмүн же дайынсыз жоктугун таануучу соттун чечими (түп нуска + 3 көчүрмө) – тийиштүү учурларда;
4) Салык төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын салык органдарынын документи (арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы жашаган жеринен берилет) (түп нуска + 3 көчүрмө);
5) КРнын паспорту (түп нуска + 3 көчүрмө);
6) РФнын паспорту (түп нуска + 3 көчүрмө);
6.1.) Россиянын ИИМнин МКББна (Миграциялык кызмат боюнча Башкы башкармалык) РФнын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүү (түп нуска + 3 көчүрмө) – РФнын жарандыгына ээ эмес жарандар үчүн;
7) 4×6 см көлөмүндөгү ак фондогу үч түстүү фотосүрөт;
8) 120 АКШ доллары көлөмүндөгү консулдук жыйымды төлөө, документ жасалып жаткан кездеги валюта курсуна ылайык рубль менен төлөнөт;
Арыз-анкета басма тамгалар менен, оңдолбостон,чийилбестен жана кыскартылбастан, тамга жана сан белгилери менен гана жазылат (принтерди пайдаланууга болот).