Башкы консулдуктун кызматкелрери КР жаранына байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурумга катышышты

1672

18-май 2022-жылы Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунда ири суммадагы акча урдоого шектелип 2021-жылдын 4-ноябрынан бери Новосибирск шаарында камакта кармалып турган КР жараны А.Б. байланышкан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү.

         Аталган соттук отурумга Башкы консулдуктун консулу А.Аблаев катышып КР жаранын укуктарынын сакталышы боюнча кабар алды. Кылмыш иши боюнча жабырлануучу тарап соттук отурумга келбегендиктен, соттук отурум кылмыш ишиндеги материалдар менен таанышуу менен аяктап, кийинки отурум 13-июнь 2022-жылга дайындалды.

         Консул А.Аблаев айыпталып жаткан КР жараны А.Б нын жакындары жана жердештери менен жолугушуп Башкы консулдук тарабынан көрсөтүлүп жаткан консулдук-укуктук жардамдар тууралуу маалымат берип, мындан ары да мүмкүн болгон бардык жардамдарды көрсөтүлөрүн белгиледи.

         Учурда  Башкы консулдук А.Бнын жакындары жана жактоочусу менен тыгыз байланышта болуп  консулдук жардам көрсөтүүнү улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK