Маданий-гуманитардык кызматташуу

Кыргызстан жана Түркиянын маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыгы динамикалуу багыттарынан бири болуп саналат. Билим берүү, маданий жана гуманитардык кызматташуунун алкагында учурда Түркиянын Жогорку окуу жайларында 1926 кыргыз жаран билим алып жатат, анын ичинен 750дөн ашыгы  мамлекет тарабынан каралган стипендия аркылуу билим алышууда. Мындан тышкары, Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Дин иштери Башкармалыгы жана Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча Фонду тарабынан берилген стипендиялардын алкагында, Түрк Университеттеринин теология факультетинде жана теологиялык лицейлерде 200дөн ашуун кыргыз жараны билим алууда. Өз кезегинде, Түркиядан келген студенттер Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинде билим алышууда. 2019-2020 окуу жылында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда 673 ТР жараны окуйт. Алардын 466сы Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде, ошондой эле республиканын башка жогорку окуу жайларында окушат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун алкагында, Түркия Республикасынын медициналык мекемелеринде жыл сайын 150 кыргыз жарандарына акысыз дарылоо боюнча квота берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ортосундагы мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө Макулдашуунун алкагында 2018-жылы оорукананын курулушу аякталган. Дүйнөдө жана Кыргызстанда коронавирустун глобалдык жайылышын эске алуу менен, Түркия Республикасы мамлекеттик “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасын расмий ачылышына чейин COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүүдө колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берди. 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган жогоруда аталган Макулдашуунун түрк тарабынын ратификациялоосу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу оорукана пайдаланууга берилген эмес. Белгилей кетсек, Макулдашуу кыргыз тарабынан 2019-жылдын 30-майында ратификацияланган.

Маданий чөйрөдөгү кызматташтык ТМКК, ТүркПА, ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдардын деңгээлинде жүргүзүлүп, алар аркылуу бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. 2019-жылдын 20-апрелинде Ош шаарында "Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" жылынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү, ага Президент С.Ш.Жээнбеков жана 20 түрк тилдүү мамлекеттердин делегациялары катышты. 2019-жылдын 30-ноябрында "Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору - 2019" жылынын жабылыш аземи болуп өттү. Элчилик ТҮРКСОЙ менен биргеликте С.Чокморовдун 80 жылдыгына, Т.Турсунбаеванын 75 жылдыгына, Ч.Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган жана башка эскерүү иш-чараларын өткөрдү.

Элчилик жазуучу А. Жакшылыковдун 70 жылдык мааракесине арналган кече, ошондой эле "Устатшакирт Плюс" коомдук фондунун жетекчиси, мультиинструменталист Н. Нишанов жана комузчу Г. Байгашкаеванын катышуусунда концерт уюштурду.

2019-жылдын 12-декабрында Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү. Иш чарага Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин Мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн  өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

2020-жылдын 1-февралында даанышмандыгы, акылмандыгы жана нукура дипломаттыгы менен тарыхта калган Датка айым, өз балдарынын гана эмес, кыргыз элинин да мээримдүү энеси болгон, тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган “Азиянын биринчи генерал айымы” деп аталган эскерүү маданий иш чарасын уюштурду. Аталган маданий кечеге Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеӊешчиси Ялчын Топчу, Кыргызстан жана Түркиянын Парламенттер аралык достук Тобунун жетекчиси Сабри Ѳзтүрк, Анкарадагы чет ѳлкѳлѳрдүн Элчиликтеринин жана Түркиянын министрликтеринин, ведомстволорунун жана жергиликтүү аймактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн жана Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, түрк жана кыргыз студенттер, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү, анын ичинде Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашаган Алайдан келген этникалык кыргыздар катышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келет. Анын миссиясы ааламдашуу доорунда дүйнө элдеринин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо мүнөзүн сактап калуу болуп саналат. Кыргызстанда оюндар үч жолу өткөрүлдү. 2018-жылдын сентябрь айында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары учурунда, 2020-жылы IV Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынган. Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын өткөрүүсү Бурса аймагында Изник шаарында пландаштырылган болчу. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылды.