Соода-экономикалык кызматташтык

Түркия Республикасы Кыргызстандын инвестиция жана соода-сатык алкагындагы негизги өнөктөшү болуп саналат. Экономикалык кызматташтык кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин приоритеттүү багыты болуп саналат. Түркия Республикасы, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын түзүмүндө негизги соода өнөктөш катары өзгөчө орунду ээлейт.

Маалымат катары: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн (C/Ж) көлөмү 2016-жылы– 281,1 млн. АКШ долл., 2017-жылы млн. долл., 2018-жылы – 394,5 млн. долл. Анын алкагында экспорт – 104,2 млн. долл., ал эми импорт – 290,2 млн. долл. 2019-жылда эки өлкөнүн С/Ж – 473,8 млн. долл., анын алкагында экспорт – 43,3 млн. долл., ал эми импорт – 430,5 млн. долл. болду. 2020-жылдын 1-кварталында С/Ж – 127,5 млн. АКШ долл., анын ичинде экспорт 16,8 млн. АКШ долл., ал эми импорт 110,6 млн. АКШ долл.

Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Президенттери тарабынан эки өлкөнүн соода айланымын 1 млрд. АКШ долл. чейин көбөйтүү боюнча максат коюлган.

Түркияга болгон негизи кыргыз экспортторун чанактуулар (буурчак), жаңгак, пахта, иштеп чыгарылбаган терилер, алтын, металл жана жез калдыктары, ошондой эле алюминий эритмелери түзөт.

Импортту жеңил өнөр-жай азыктары (кийим-кече, бут кийим, текстиль буюмдар), химиялык продукциялары (боёгучтар, лактар, самын, жуугуч, атыр, косметикалык каражаттар, дары-дармектер, пластмассадан, резинадан жасалган буюмдар, ж.б.), машина куруу продукциялары (жабдуулар, механикалык жабдуу, электрмашиналары, аппараттары жана башкалар.), тамак-аш жана айыл чарба чийки зат (жашылчалар, мөмө-жемиштер, кондитердик азыктар, жаңгактар, үрөнж.б), кара, түстүү, кымбат баалуу эмес металлдардын, зергер буюмдардын, жыгачтан жасалган буюмдардын, эмерек жана анын кошумча жабдуулары, булгаары буюмдар ж.б.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча Биргелешкен комиссия (ӨАК) башкы ролду ойнойт жана анын отурумдары бул багыттагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды кабыл алууга багытталган. 2019-жылдын 21-22-ноябрында ӨАКтын 9-отуруму өтүп, анын жыйынтыгында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча Иш-аракетер планы кабыл алынды. Аталган документ так иш-аракеттерди жана аларды аткаруу мѳѳнѳттөрүн камтыган 76 милдеттерден турат. Ошондой эле ӨАКтын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын 350 ашык ишкерлеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму өткөрүлдү.

Эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташуусунда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) өзгөчө орунду ээлейт жана ТИКАнын жардамы менен бир нече долбоорлор ишке ашырылды.

 

2020-жылга карата Кыргызстанда өтүүчү көргөзмө жана форумдар (Жүктөп алуу)