Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 07-февралынын маалыматтык билдирүүсү

8079

2019- жылдын 06-февралында саат 16:00дө Стамбулдагы Картал районунда 8 кабаттуу турак жай кулап түшкөн. Стамбулдагы расмий мекемелеринин маалыматы боюнча бул турак үйдө 43 тургун катталган.

2019-жылдын 7-февралдын саат 08:00догу абалы боюнча Стамбул провинциясынын Губернаторунун расмий маалыматына ылайык 12 жаран урандынын алдынан куткарылып, набыт болгон 3 адамдын денеси табылган, ал эми жапа чеккендердин арасында КРдин жарандары жок.

Стамбулдун тииштүү куткаруу кызматтары тарабынан издөө-куткаруу иштери улантылып жатат. Башкы консулдук бул маселени көзөмөлгө алганын маалымдайт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK