2019 – жылдын 20-22 февралында  Башкы консул Эркин Сопоков иш сапары менен Измир жана Анталья шаарларында болду

5368

2019 – жылдын 20-22 февралында  Башкы консул Эркин Сопоков иш сапары менен Измир жана Анталья шаарларында болду. Иш сапар учурунда Башкы консул Эркин Сопоков Измир жана Анталья шаарларындагы кыргыз диаспора мүчөлөрү менен жолугушу өткөзүп, Түркияда жайгашкан жарандарыбыздын көйгөлүү маселелери боюнча ой пикирлер менен бөлүштү.

Иш сапар алкагында Башкы консул Эркин Сопоков Измир шаарынын мэринин орун басары Сыра Айдоган менен жолугушуп, Кыргыз – Түрк достук мамилелерин, Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөзөлдү. Андан тышкары Башкы консул Эркин Сопоков Измир шаарындагы КР диаспорасынын башчысы Анара Каяхан айымды тааныштырып өттү. 

Ал эми Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыгын  коргоо максатында, Измир шаарында бир ашканада паспортун алып коюп, көптөн бери иштетип, оор жумуш абалында, шарттары жок С.С. аттуу КРдин жаранын мыйзамсыз иштеткени үчүн Измир шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте Түркиянын 40 жашындагы жараны кармалды. Башкы консулдук жардамы менен биздин жаран Стамбул шаарына жеткизилип туугандарына тапшырылды. Бул маселе боюнча Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү иш козголду.  

Буга кошумча, Башкы консул Эркин Сопоков кыргыз диаспора мүчөсү Шерик Акимов менен биргеликте Анталья шаарынын ооруканасында тапанча менен Түрк жаранынан алган жаракаттын негизинде даарыланып жаткан КР жараны А.О. менен көрүшүп кетишти. Жараныбызга укутук жардам берүү негизинде ага адвокат таап берилип, тийиштүү консулдук жардам көрсөтүлдү.  

  • 2019 – жылдын 20-22 февралында  Башкы консул Эркин Сопоков иш сапары менен Измир жана Анталья шаарларында болду. Иш сапар учурунда Башкы консул Эркин Сопоков Измир жана Анталья шаарларындагы кыргыз диаспора мүчөлөрү менен жолугушу өткөзүп, Түркияда жайгашкан жарандарыбыздын көйгөлүү маселелери боюнча ой пикирлер менен бөлүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK