Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуусу болуп өттү

1805

2022-жылдын 12-мартында Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирди жана Түркиянын Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин жетекчилеринин жолугушуусун уюштуруудагы ортомчулук аракеттерин жогору баалады. «Баарыбызга тынчтык керек, ошондуктан биз түрк тарабынын дипломатиялык аракеттери үчүн ыраазыбыз. Бул биздин Украина боюнча позициябызга толугу менен шайкеш келет – биринчиден, бул жагдай дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилиши керек, экинчиден, эгерде мурунку форматтар иштебесе, эффективдүү диалог үчүн жаңы форматтарды издөө керек» - деди Р.Казакбаев.

Сүйлөшүүдө Министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде алдыдагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды талкуулашты жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги сапарларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишишти.

Министрлер, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы консулдук кызматтарды кеңейтүү маселесин талкуулашты.

  • 2022-жылдын 12-мартында Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуусу болуп өттү.
  • 2022-жылдын 12-мартында Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK