Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматтык билдирүүсү

1964

Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу, Стамбул шаарындагы Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандарына Украинанын аймагынан Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия өлкөлөрү аркылуу Кыргызстанга эвакуациялоо маселеси боюнча жардам берүүсүн улантууда. Учурда Кыргыз Республикасынын 100дөн ашык жаранына жардам көрсөтүлдү. Эвакуация иштери Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуунун негизинде жүргүзүлүүдө.  Айрым мекендештерибиздин тиешелүү документтери жок болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдук тарабынан ар тараптуу ыкчам жардамдар көрсөтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Башкы консулдук Түрк аба жолдору  менен Польшадан Кыргызстанга ПЦР тестсиз кайтуу боюнча келишимге келишкен.

Ошол эле учурда биздин жарандарды эвакуациялоо иштери уланып жатканын билдиребиз.

Консулдук жана юридикалык мүнөздөгү суроолор боюнча төмөндөгү байланыш телефону менен кабарлаша аласыздар: +90-535-107-72-12.

  • Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу, Стамбул шаарындагы Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандарына Украинанын аймагынан Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия өлкөлөрү аркылуу Кыргызстанга эвакуациялоо маселеси боюнча жардам берүүсүн улантууда. Учурда Кыргыз Республикасынын 100дөн ашык жаранына жардам көрсөтүлдү. Эвакуация иштери Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуунун негизинде жүргүзүлүүдө.  Айрым мекендештерибиздин тиешелүү документтери жок болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдук тарабынан ар тараптуу ыкчам жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK