Экинчи Эл аралык Анталия дипломатиялык форумуна (2022-жылдын 11-13-марты) катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу жана Түркия Республикасынын Ички иштер министри С. Сойлу менен жолугушту.

2015

2022-жылдын 12-мартында Анталияда өткөн жолугушууларда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелерди (Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу/убактылуу жашоого жана ишке орношууга уруксат алуудагы салыктык төлөм акысыны азайтуу, визасыз режимдик мөөнөтүн узартуу, Түркияда мыйзамсыз жашаган жана депортацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарын мунапыстоо) талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспортун (ID-карта) жол жүрүү документи катары таануу боюнча Башкы консулдуктун демилгеси менен сунушту көтөрүп чыкты.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан айтылган сунуштарды андан ары иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишти.

  • Экинчи Эл аралык Анталия дипломатиялык форумуна (2022-жылдын 11-13-марты) катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу жана Түркия Республикасынын Ички иштер министри С. Сойлу менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK