Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматтык билдирүүсү

2240

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова 2022-жылдын 19-мартында Түркия Республикасынын Бурса провинциясында жашаган мекендештерибиз жана студенттерибиз менен кезигишүүсү болот. Жолугушуу Улудаг университетинин социалдык жана жаштар консультациялык борборунда өткөрүлөт.

Жолугушууда бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөйлөрдү жараткан маселелер талкууга алынат. Өзгөчө, мекендештерибиздин жана студенттерибиздин келүү жана жашоо шарттарын жеңилдетүү, консулдук-укуктук маселерин жакшыртуу боюнча суроолор каралат.

Бардыгыңыздарды активдүү катышууга чакырабыз.

Күнү жана убактысы: 2022-ж. 19-мартында саат 13.30да.

Дарек: Özlüce, Uludağ Ünv., 16285 Nilüfer/Bursa

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK