2022-жылдын 9-июнунда Ош шаарынын мэри А.Мамбетов жана Башкы консул Л.Сыдыкова «25 жылдын ийгилик тарыхы» аттуу 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышты

1866

2022-жылдын 9-июнунда Ош шаарынын мэри А.Мамбетов Стамбул шаарында өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышып, «Шаарлар биримдиги» темасында пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө, мэр А.Мамбетов катышуучуларды Ош шаарынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестициялык, экономикалык жана туристтик потенциалы менен тааныштырып, 2019-2021-жылдары мэрия тарабынан жыйырмадан ашык эл аралык маданий иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн баса белгилей кетти. Өзгөчө бул саамалыктын жыйынтыгында шаарга «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» макамы берилип, эл аралык эксперттер тарабынан «Улуу Жибек жолунун туристтик камсыздоочусу» катары таанылган. Сөзүнүн аягында Ош шаарынын туристтик брендин самиттин жетекчилигине тартуулады.

Жогорудагы сессияга Ташкент, Андижан, Сараево (Босния жана Герцеговина), Косово, Вроцлав (Польша) ж.б. шаарлардын мэрлери, инвестициялык фонддордун, компаниялардын жетекчилери, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышып, мэрлери арасында байланыштар түзүлүп, эл аралык кызматташуу боюнча өз ара пикир алмашуу жүргүзүлдү.

2022-жылдын 7-9-июнунда болуп өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитине Черногориянын Президенти, Босния жана Герцеговинанын Президенти, БУУнун Цивилизация альянсынын Жогорку өкүлү, ошондой эле Хорватиянын, Түндүк Македониянын, Молдованын, Тунистин жана башка өлкөлөрдүн мурдагы Президенттери катышты.

  • 2022-жылдын 9-июнунда Ош шаарынын мэри А.Мамбетов Стамбул шаарында өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышып, «Шаарлар биримдиги» темасында пленардык жыйында сөз сүйлөдү.
  • 2022-жылдын 9-июнунда Ош шаарынын мэри А.Мамбетов Стамбул шаарында өткөн 25-Евразиялык экономикалык саммитке катышып, «Шаарлар биримдиги» темасында пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK