2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Азыгалиев, «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун жетекчиси К.Оздал менен жолугушту.

1804

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар ассоциациянын долбоорлорун Кыргызстанда ишке ашыруунун жолдорун талкуулашып, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн пайдасына гуманитардык жардамдарды тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Азыгалиев окуу борборлорун, күнөскана жана тигүү цехтерин куруу жана ачуу сыяктуу узак мөөнөттүү жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Башкы консул Л.Сыдыкова муктаж болгондорго өз убагында жардам көрсөтүү үчүн Башкы консулдук менен «Sadakataşı» кайрымдуулук коомунун аракеттерин бириктирүүгө даяр экендигин билдирди.

Бирикменин жетекчиси К.Оздал 12 жылдан бери ассоциация кызмат берип, дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндөгү муктаждарга жардам көрсөтүп келе жаткандыгын жооп катары билдирди. Кыргызстанда жыл сайын кышка даярдыкка  жана Рамазан айына азык-түлүк куржуну, кийим-кече, күйүүчү май өңдүү мезгилдик долбоорлорду ишке ашырып тургандыгын белгилей кетти.  

Жыйынтыгында, тараптар Кыргызстанда кайрымдуулук долбоорлорду ишке ашырууну чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча координациялоону макулдашты.

  • 2022-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Азыгалиев, «Садакаташы» кайрымдуулук коомунун жетекчиси К.Оздал менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK