2022-жылдын 21-августунда Башкы консул Л.Сыдыкова Бакыркөйдөгү аялдар жабык абагына барды, ал жерде Кыргыз Республикасынын камактагы жарандары менен жолугушту.

1498

Башкы консул Л.Сыдыкова жана консулдуктун кызматкерлери "Баңги затын сактаган" деген айып менен Бакыркой жабык аялдар абагында жаткан КР 1995-жылы туулган "Э.А." жана 1989-жылы туулган "О.Ж." аттуу жарандар менен жолугушуу откозуп, ал-акыбалын сурап келди.

Жолугушууда башкы консул Л.Сыдыкова камак жайларынын шарттары менен таанышып, жарандарга түрдүү маселелер боюнча консультацияларды берип, түрк мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жарандар тарабынан камак шарттарына карата даттануулар болгон жок.

Башкы консулдук абактагы жарандардын ата-энеси жана туугандары менен байланыш түзүп, бул маселе көзөмөлгө алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK