2023-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова «TURAN» төлөм системасынын жетекчиси Өзгүр Байрактар жана Соода-өнөр жай палатасынын Башкы катчысы Адем Кула менен жолугушту.

777

Жолугушууда Башкы консул Л.Сыдыкова менен жетекчи Өзгүр Байрактар Кыргызстанда «ТУРАН» төлөм системасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана каржылык байланыштарды өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.

Башкы консул Л.Сыдыкова экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө инновациялык финансылык инструменттердин маанисин баса белгилеп, Кыргыз Республикасында бул сыяктуу долбоорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге долбоорду ишке ашырууда эмгек мигранттарынын акча которууда жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жеңилдетилген финансылык инструментине болгон кызыгуусун эске алуу менен долбоорго тиешелүү механизмдерди киргизүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу жолугушууларды жана иш-чараларды уюштурууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK