Башкы консул Л. Сыдыкова «ASKON» ишкерлер ассоциациясынын Башкы директору Орхан Айдын менен жолугушту.

678

2023-жылдын 1-февралында Башкы консул Лира Сыдыкова «Anadolu Aslanları» (ASKON) ишкерлер ассоциациясынын Башкы директору Орхан Айдын менен жолугушту.

Жолугушууда Башкы консул Лира Сыдыкова Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Төмөн салыктарга, капиталдын эркин кыймылына жана өндүрүлгөн продукцияны сатуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Европа Биримдиги ЖПС+ программасы алкагындагы рынокторуна көңүл бурду. Инвестиция жана кызматташуу үчүн, тактап айтканда, айыл чарба, курулуш, текстиль өнөр жайы ж.б. ушул сыяктуу жергиликтүү экономиканын перспективдүү тармактары менен тааныштырды. Экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана инвестициялык долбоорлор менен таанышуу максатында, Башкы консул Орхан Айдын башында турган бизнес-делегацияны Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштурууну сунуштады.

О.Айдын Башкы консулга Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттары тууралуу маалымат үчүн ыразычылык билдирип, алардын жагымдуулугун белгилеп, жакынкы арада ASKONдун делегациясы Кыргызстанга таанышуу сапары менен баруусун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар биргелешкен иш-чаралардын планын белгилешти. Пайдалуу кызматташуу үчүн өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Anadolu Aslanları" Ишкерлер Ассоциациясы (ASKON) 9 000 адамды жана 20 000 компанияны бириктирген түрк ишкерлер уюму. Ассоциациянын башкы кеңсеси Стамбулда. Ошондой эле Анадолу аймагындагы 34 шаарда жана Брюссел, Нью-Йорк, Пекин, Жидда жана Жакарта сыяктуу дүйнөнүн ири шаарларында кеңселери бар. Толук маалымат www.askon.org.tr сайтында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK