Түркия Республикасынын облустарындагы жер титирөөдөн жапа чеккен Кыргыз Республикасы жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүсү боюнча маалымат

728

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жер титирөөдөн жабыркаган мекендештерге материалдык-техникалык жана консулдук укуктук жардам көрсөтүүсүн улантууда. Учурда кызматкерлер Газиантеп шаарынын Шехиткамил районунда жайгашып, мекендештерди керектүү буюм, тамак-аш менен камсыз кылууда. Ошондой эле, аларды коопсуз аймакта убактылуу жайгашуусуна көмөктөшүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Стамбул, Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештерибизди эвакуациялоо жана кырсык болгон аймактарда ар тараптуу жардам көрсөтүү иш-чараларын улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK