Башкы консул Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлү – Элчи Айсе Сөзен Услуэр менен жолугушту

478

Бүгүн, 2023-жылдын 22-мартында Башкы консул Л.Сыдыкова Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Стамбул шаарындагы өкүлү – Элчи А.С. Услуэр менен жолугушту.

Жолугушууда Башкы консул Л.Сыдыкова Түркияда 2023-жылдын 6-февралында болгон табигый кырсыктардын кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу боордош түрк элинин өкүлү А.С. Услуэрге көңүл айтты. Жер титирөөнүн залакасына Кыргыз Республикасынын  ыктыярчылар жана издөө-куткаруу топторунун көрсөткөн жардамы туурасында кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде өкүл А.С.Услуэр түрк эли үчүн кайгылуу мезгилде көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Кыргыз Республикасына жылуу ыразычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин жоон тобун, атап айтканда, соода жүгүртүүнүн 2 миллиард АКШ долларын түзгөн көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда, тараптар Түркиядагы Кыргыз Республикасы жарандарынын укуктарын коргоо механизмдерин жана жашап туруу шарттарын өркүндөтүү максатында жемиштүү кызматташууга өз ара даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK