2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Коджа менен жолугушту

214

Жолугушуу Стамбулда өтүп жаткан түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова катышуусу менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу токтотулган түрк клиникаларында кыргызстандыктардын жогорку квалификациялуу медициналык жардам алуусу үчүн буга чейин берилип келген квоталарды жандандыруу маселесин көтөрдү. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын кошумча имаратынын курулушун жүргүзүүгө азыркы учурда кыргыз тарабы даярдыктарды көрүп, ал эми түрк тарабы консультациялык жардам көрсөтүп, алдыңкы трансплантология бөлүмүн куруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөөрү айтылды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун берген тапшырмасына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин астында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ачылып калкка дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүш ишканаларынан арзан баада сатып алып жеткирүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдап,  Министрликтин бул багытта да тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа түрк тарап оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар үчүн квоталарды толугу менен жаңыртуу боюнча, ошондой эле түркиялык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыраарына ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-жылдын 30-августундагы №303 Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер боюнча билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, 20 дарыгер, андан тышкары медайымдар Түркия Республикасында билимин жогорулатууга бараары макулдашылды.

  • Жолугушуу Стамбулда өтүп жаткан түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова да катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK