Стамбул шаарынан чартердик рейс менен «Стамбул-Бишкек» авиакаттамы боюнча Кыргыз Республикасынын 211 жараны жөнөтүлдү
2020-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги менен бирге аткарган жумуштун натыйжасында Стамбул шаарынан чартердик рейс менен «Стамбул-Бишкек» авиакаттамы боюнча Кыргыз Республикасынын 211 жараны жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Стамбул ш. Башкы консулдугу Кыргызстанга кетүүнү каалаган Кыргыз жарандары боюнча маалыматтарды чогултууну улантып жатат.