Дүйнөдө COVID-19 коронавирустук инфекциялык пандемияга байланыштуу көрүлгөн карантиндик иш-чараларга байланыштуу эл аралык жүргүнчү каттамдарын токтотконудугу үчүн чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайрадан өз мекенине жөнөтүү боюнча аткарылган жумуштар боюнча.

6281

Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, дүйнөдө COVID-19 коронавирустук инфекциялык пандемияга байланыштуу көрүлгөн карантиндик иш-чараларга байланыштуу эл аралык жүргүнчү каттамдарын токтотуу, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу 2020-жылдын март айынан июль айына чейин 13 чартердик рейстер уюштурулуп 3000ден ашык кыргызстандыктар мекенине кайтып келишкен, алардын ичинде Түркияда жашаган жана башка өлкөлөрдөн транзит турундо откондор (АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швеция). 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын август айынан тарта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат, буга байланыштуу Башкы консулдук чартердик рейстер менен кетүү боюнча сурамдарды чогултуу ишин токтотуп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK