Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинe караштуу Кыргыз-Түрк ишкердик кеңешинин (DEİK) Башчысы Айдын Мистачоглу менен жолугушуусу болуп ѳттү

3666

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинe караштуу Кыргыз-Түрк ишкердик кеңешинин (DEİK) Башчысы Айдын Мистачоглу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Башкы консул Кеңешке ички саясий жагдайдан кабар берип, алдыда боло турган Кыргыз Республикасындагы маанилүү окуялар, учурдагы өлкө жетекчилигинин иш-аракеттери жана Өкмөттүн социалдык-экономикалык тармакты жакшыртуу, коронавируска каршы күрөшүү, инвестициялык шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттерден маалымат берип кетти.

Жолугушуу алкагында кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташуу боюнча, бизнести сактоо багытын жакшыртуу зарылдыгы, ошондой эле Түркия Республикасында кыргыз бизнесмендеринин долбоор пландарын жүзөгө ашырууда жардам көрсөтүү боюнча ачык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK