Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 14-январында түзүлгөн.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги ачылган. Учурда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдылдаев Эрлан Бекешович болуп эсептелет. 2002-жылы Кыргыз Республикасында Тажикстан Республикасынын элчилиги ачылган. Учурда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода.

Эки тараптуу кызматташтыктын фундаменталдуу документтери болуп Негизги мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө келишим (1996-жыл) жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулаштык жана өнөктүк мамилелер жөнүндө келишим (2004-жыл) саналат.

Приоритеттүү маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин кеңеши, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиялары түзүлгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы саясий кызматташтык Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде өнүгүп келе жатат.

2018-жылдын 1-2-февралында Тажикстандын Президенти Э.Рахмондун чакыруусу менен Кыргызстандын Президенти С.Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары болуп өттү. Сапардын жыйынтыгында тараптар 9 документке кол коюшту.

2018-жылдын 19-мартында Душанбе шаарында эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-отуруму болуп өттү. Отурумдун жыйынтыгында соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык мамилелерди активдештирүү ниетин камтыган 17 пункттан турган Протоколго кол коюлду.

2018-жылдын 31-майынан 1-июнуна чейин Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев катышты.

2018-жылдын 19-21-июнунда Душанбе шаарында «Суу – туруктуу өнүгүү үчүн» Эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция болуп, ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Ж.Разаков баштаган делегация катышты.

2018-жылдын 27-сентябрында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны болуп, ага Кыргызстандын Президенти С.Жээнбеков катышты.

2018-жылдын 11-12-октябрында Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиев катышты.

2019-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2019-жылдын 26-апрелинде Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» Экинчи эл аралык форумуна катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмон менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү маселесин талкуулашты.

2019-жылдын 22-майында Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин жана ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен барды.

2019-жылдын 14-июнунда Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмон Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке иш сапары менен келди.

2019-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин Бешинчи Саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарына жумушчу сапары менен болду.

2019-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жолугушту, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары жергиликтүү тургундар, эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан айылдарынын карыялары жана аксакалдары менен жолугушту.

Андан соң КР Президенти Ш.Жээнбековдун Исфара шаарына жана Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмондун Чолпон-Ата шаарына жумушчу сапарлары болуп, анда эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосунда тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2020-жылдын 19-20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Тажикстан Республикасына жумушчу сапары болуп, анын алкагында С.Мухриддин менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле, министр Р. Казакбаев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри К.Расулзода, Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Д.Гулмахмодзада, Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.Ятимов жана Тажикстан Республикасынын Маданият министри З.Давлатзода менен жолугушту.

2021-жылдын 1-апрелинде Москва шаарында КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында министр Р.Казакбаев министр С.Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү.

2021-жылдын 11-майында Кытайдын Сиань шаарында «Борбор Азия – Кытай» Тышкы иштер министрлеринин Кеңешме механизминин экинчи жолугушуусунун алдында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаев жана Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддиндин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2021-жылдын 18-19-майында ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Душанбе шаарына жумушчу сапары болду.

2021-жылдын 28-29-июнунда Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмондун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары болуп өттү.

2021-жылдын 16-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга жумушчу сапары менен барды.

2021-жылдын 21-23-ноябрында Душанбе шаарында өткөн «Европа Бирлиги-Борбордук Азия» Тышкы иштер министрлеринин 17-жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддиндин тар жана кеңири форматта эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2021-жылдын 8-декабрында Ташкентте өткөн «Италия – Борбордук Азия»  жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С. Мухриддиндин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

2022-жылдын 22-мартында Исламабад шаарында Ислам Кызматташтык Уюумунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С. Мухриддиндин  ортосунда «тет-а-тет»форматында эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

2022-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддинге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырып, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С. Мухриддиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 28-майында Душанбе шаарында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин/Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Ооганстан боюнча төртүнчү аймактык диалогунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов менен Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Н.Махмудзоданын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 6-июнунда Душанбе шаарында «2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн суу» Аракеттердин эл аралык он жылдыгы боюнча экинчи жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында КР Тышкы иштер министринин орун басары  Д.Кемелова менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары С.Имоминин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 10-июнунда Ереван шаарында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддиндин «тет-а-тет» форматында эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 15-июнунда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго ишеним грамотасын тапшырды.