Кызмат

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТУ

 

18-жашка чыга элек КРнын жаранынын атына КРнын жалпы жарандык паспортун тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы бойго жете элек КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

 

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же паспорт бузулуп калган учурларда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда ката бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун тариздөө максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы);
  • Жоготулган же уурдатылган жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
  • Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18-жашка чыккан КРнын жарандын атына КРнын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурунда):

  • Жалпы жарандык паспорт (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта)

18-жашка чыга элек КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын тариздөө/алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Баланын паспорту (мурда таризделген болсо) (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспорттору (түп нускалары).

Эгерде баланын ата-энесинин бирөөсү чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Эгерде ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун түп нускасын берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда анын КРнын жарандыгын жана КРнын паспортун тариздөө боюнча нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жашы бойго жете элек КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Документтерди тапшыруу учурунда бала жана анын ата-энесинин бирөөсүнүн катышуулары зарыл.

 

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен же бузулуп калган учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда ката бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын  алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (паспортту жоготуп же уурдатып алган учурларда):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • Жоготулган же уурдатылган идентификациялык картасынын көчүрмөсү;
  • Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы).

КРнын жараны аты-жөнүн алмаштырса, анын өздүк маалыматтарын алмаштыруу тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы керектелет.

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

18-жашка чыккан КРнын жаранынын атына КРнын идентификациялык картасын алмаштыруу максатында төмөндөгү документтер керектелет (жаран өздүк маалыматтарын өзгөрткөн учурларда):

  • Идентификациялык карта (түп нускасы);
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк/ажырашуу тууралуу күбөлүк/ жолдошунун/жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (бул документтердин бирөөсүнүн түп нускасы);
  • Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүгү (түп нускасы).

Эгерде жарандын документтеринде же маалыматтарды камтыган базаларда катаа бар болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери жарандан анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана башка документтерди сурамжылашы мүмкүн.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК

 

Эгерде Тажикстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны паспортун жоготкон болсо / паспортунун жарактуулук мөөнөтү бүтсө же паспорту жараксыз болуп калса, анда ага Кыргыз Республикасына кайтуу кубөлүгү берилиши мүмкүн.

Ошондой эле күбөлүк паспорту жок 18 жашка чыга элек адамдарга берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу үчүн керектүү документтер:

 

1. Паспорт жоголгон учурда:

  • жоголгон паспортунун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же аскердик билет);
  • Тажикстан Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген, паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ (протокол, маалым-кат ж.б.).

Маанилүү:  паспорту жоголгондугу боюнча арыз берүүчүнүн кайрылуу фактысын тастыктоочу документ берүү мүмкүн эмес болгон учурда арыз ээси паспорттун жоголуусунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кеңири түшүндүрмө берет.

2. Паспорт жараксыз болгон учурда:

  • жараксыз болгон паспорт.

3. Паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөн паспорт.

4. 18 жашка чыга элек арыз ээсине тариздөө учурунда:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нускасы);
  • Ата-энесинин паспортторунун түп нускалары;
  • Ата-энесинин нике күбөлүгү же аталыгын тастыктоочу күбөлүк;
  • Баланын 3,5×4,5см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтү (баланын өзүн алып келүү кажет эмес);
  • *Ата-энесинин бири чет өлкөлүк жаран болсо, КРнын жарандыгын алууга жана СВРди тариздөөгө нотариус аркылуу таризделген расмий макулдугу керек болот.

 

Консулдук жыйым 10 АКШ долларын түзөт (16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан ашкан жарандар үчүн 5 доллар).

 Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн алынган күндөн тартып колдонуу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.

Күбөлүк Кыргызстанга кайтуу үчүн гана жарактуу.

 

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине алып кетүү боюнча чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдөрдү алуу тартиби

 

  1. Жалпы маалымат

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн алып кетүү боюнча чыгымдарды көтөргөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм бекитилген өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акчаны төлөп жаткан күндөгү курсу боюнча улуттук валютада, учурдагы эсепке которуу жолу менен;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валютада учурдагы эсепке которуу жолу менен, ал эми ал жок болгон учурда накталай акча менен.

 

  1. Бир жолку төлөм алуу укугу

Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн репатриациялоого байланыштуу тикелей чыгымдарды көтөргөн жакын тууганы же жакын тууганынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде аракеттенген адам (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алуу укугуна ээ болот. Ошондой эле бир гана адам алуучу боло алат.

 

  1. Бир жолку төлөм алуу үчүн кайрылуунун тартиби

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны бекитилген форма боюнча туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө/консулдук мекемесине же Бишкек ш., Москваская көч. 194 (суроо үчүн телефондор: 0 (312) 312 724, 0 (312) 312 779 жана 0 (312) 312778) дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментине Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен паспортун көрсөтүп, арыз жазуу менен ала алат.

 

  1. Документтердин тизмеси

Алуучу төмөндөгү документтерди тапшырышы керек:

  • каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгүн мекенине алып кетүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм алуу жөнүндө арыз;
  • арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү;
  • туугандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же консулдук легалдаштыруу белгиси бар өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

 

Тапшырылган документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык алуучуга жүктөлөт.

 

Нотариалдык иш-аракеттер

Тажикстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин аткарган нотариалдык иш-аракеттери тийиштүү кишинин жеке катышуусу менен арыз жана төмөндөгү документтерди берүү аркылуу ишке ашат:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жана ID паспорту.
  2. Ишеним кат берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Берилген документтин түрүнө жараша:

-     Чет өлкөдө бир жашы жете элек баланы алып жүрүү учурунда, баланын паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк көчүрмөсү;

-     кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон укуктарды башкаруу учурунда- тийиштүү документти тастыктаган көчүрмөсү (техпаспорт, кызыл китеп, автоунаанын техпаспорту, алым-сатым келишими ж.б.) талап кылынат.

 

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү

документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  1. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  2. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

 

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

 

Кыргыз Республикасынын мурда берилген эл аралык айдоочулук күбөлүгү алмаштырылган же жоголгон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Эки түстүү сүрөт (матовые, 3,5 х 4,5).

 

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын
СТАВКАЛАРЫ

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ

Консулдук кызматтардын аталышы

Консулдук кызматты көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери, сом

Консулдук кызматты көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери, АКШ долл.

1

Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкеталарды тариздөө жана маалыматты иштеп чыгуу

 

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

 

Бир жолку визаны тариздөө:

-1 айга

3589

 

50

 

Бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

704

10

 

Бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

352

 

5

 

 

Көп жолку визаны тариздөө (ай):

4315

60

 

 

Көп жолку визаны тариздөө:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

 

1078

 

15

 

Көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

 

704

 

10

 

 

Транзиттик визаны тариздөө:

 

 

 

- беш сутка

1783

25

 

Чыгуу визасын тариздөө; визаны жаңы жол жүрүү документине өткөрүү

5020

70

 

Бир адамга визалык колдоону тариздөө

352

5

3

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк берүү

 

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти легалдаштыруу:

 

 

 

жеке адамдардан - Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

 

жеке адамдардан – чет мамлекеттин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

 

юридикалык жактардан

7189

100

 

Жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге чет мамлекеттин жарандары көрсөтүлгөн ар бир документин легалдаштыруу

1431

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндөгү документтерин тариздөө

 

510

6

Баланын жарандыкты тандоосу жөнүндө документин тариздөө

 

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо):

 

 

 

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

 

10

 

- чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

50

8

Жарандык абалдын актыларын каттоо:

 

 

 

- никелешүүнү каттоо жана никелешүү жөнүндө күбөлүктү берүү;

 

10

 

- соттон тышкары ажырашуу жана ажырашуу жөнүндө күбөлүктү берүү (тараптардын ар бирине);

 

50

 

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө материалдарды каттоо жана тариздөө;

 

10

 

- төрөлгөндүгүн каттоо жана төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү

 

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин нотариалдык иш-аракеттери

 

 

10

 10.

Мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним кат берүү:

 

 

 

- автотранспорт каражатын;

 

10

 

- кредиттик операция жасоого;

 

10

 

- акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат

 

10

 11.

Камкорчулук, мурас иштерин жана башка мүлктүк иштерди алып баруу жана ага байланыштуу нотариалдык иш-аракеттерди жасоо

 

20