Пайдалуу маалымат

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасына кирүүсүнө чектөө чаралары уланып жаткандыгына байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Тажикстан Республикасына ар кандай баруулардан же Тажикстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттамдан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Тажикстан Республикасына кирүү-чыгуу маселелери боюнча керектүү маалымат жана консультация алуу үчүн КР ТИМ консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин ишеним телефонуна төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот:

+996 999 312-002 - КР ТИМ консулдук Департаменти (Бишкек ш.);

+992 887 782-223 - КРнын ТРдагы Элчилиги (Душанбе ш.).

 

 

Тажикстан Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштар

Жалпы маалымат: Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы ортосундагы, 2000-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган «Жарандардын өз ара визасыз жүрүү жөнүндөгү» макулдашууда, Кыргызстан жана Тажикстан жарандары үчүн өз ара визасыз саякаттар каралган.

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-мартындагы №207токтому менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Тажикстан Республикасына кирүү, болуу жана Тажикстан Республикасынан чыгуу жана алардын Тажикстан Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары 60 күнгө чейинки мөөнөткө ички иштер органдарында каттоодон бошотулган мамлекеттердин тизмесине киргизилген.

Кыргыз Республикасынын жарандары Тажикстан Республикасына кирүүдө/чыгууда, төмөнкү документтер колунда болуу зарыл:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;

2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;

3. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту;

4. Моряктын китеби (кемедеги экипаждын тизмеси туралуу документи же андан алынган көчүрмө )

5. Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү-көзөмөл пункттарында, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (ID-карта) жана жашы жете электер үчүн туулгандык күбөлүгү, Тажикстан Республикасынын аймагына кирип-чыгууга уруксат берген документ катары эсептелбейт.

Кошумча документтер (жеке транспорт каражаттарын убактылуу киргизүү ж.б. документтер) кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү-көзөмөл пункттарында жасалып берилет.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдар ата-энесинин бирөөсү менен Тажикстандын аймагына кирүүдө, экинчи ата-энесинин нотариалдык ынандырылган ишеним каты талап кылынат. Тажикстандын аймагында жашы жете элек бала ата-энесиз болсо, аны коштоп жүргөн кишиге, же Тажикстанда аны тоскон кишиге, эки ата-энесинен нотариалдык ынандырылган ишеним каты зарыл. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги, Тажикстан Республикасынын аймагында жүргөн мекендештерге Тажикстандын чет өлкөлүк жарандардына караштуу мыйзамдарын, кирүү жана чыгуу, каттоого туруу жана эмгек мамилелерди тактоо эрежелерин так сактоону сунуш кылат.

Пайдалуу сунуш: Тажикстанда жүргөндө, жанынызда паспортунуз (же паспортунуздун көчүрмөсү), анын ичине убактылуу каттоого турганыныздын талону болгону зарыл.

Эгер милиция кызматкерлери документтеринизди текшерүүгө кайрылса, алардын кызмат күбөлүгүн сурасаныз болот. Бул учурда, бир гана паспортунузду көрсөтүү зарыл. Баштыктардын жана чөнтөгтүн мазмунун көрсөтүүгө эч кандай зарылчылыгы жок.

Ички иштер кызматкерлери тарабынан бийликти кыянаттык менен пайдалануусу көрүлсө, анын аты-жөнүн, наамын, жумуш жайын сурап, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилигине же Тажикстандын ички иштер органдарынына кайрылсаныз болот.

Эгер сизге мыйзамсыз айып салынса, сизди кармап камакка салышса, сиздин документтеринизди алып же булгаса, сиз Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугушууну талап кылуу укугунуз бар.

Коомдук жайларга, базарларга барганда, жолдорду өткөндө этият болунуздар.

Шашылыш учурларда, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги менен +992 887782223  номери боюнча байланыша аласыз.