Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Худоерзода Худоер менен жолугушту.

3716

2019-жылдын 6 февралында, Тажикстан Республикасынын Трансопрт министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Худоерзода Худоер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт жана байланыш тармагындагы кызматташуу маселелерин жана транспорт тармагындагы эки тараптуу макулдашууларды даярдоо муктаждыгын талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы жүктү ташуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча, кыргыз тарап ушул жылдын январ айында жүк ташууларга экологиялык алымдарды жокко чыгарганын тажик тарапка билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Худоерзода Худоер менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK