Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапары менен келди

157

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев; 

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK