Элчилик "23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнүн" 34 жылдыгы менен куттуктайт!
Мындан туура 34 жыл мурун, тактап айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө мамлекеттик тил майрамы катары белгиленип келет. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги да жалпы Кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт! Эгемен элибиздин улуу тили урпактарга уланып, ааламга жаңыра берсин!