Кыргыз тараптын төрагалыгынын алдында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик комитетинин кезектеги 34-отуруму онлайн режиминде өттү

165

2023-жылдын 27-сентябрында кыргыз тараптын төрагалыгынын алдында КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик комитетинин кезектеги 34-отуруму онлайн режиминде өттү.

Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын жетекчилери жана эксперттери, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин юридикалык департаментинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерди аткарууга мониторинг жүргүзүү практикасын жана эл аралык келишимдерди кодификациялоого байланышкан маселелерди талкуулашты, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү тажрыйбасы боюнча маалымат алмашышты.

Ошондой эле Шериктештиктин алкагында эл аралык-укуктук кызматташуу маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү талкуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK