Элчи Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Маданият министри З.Давлатзода менен жолугушту

197

2023-жылдын 17-октябрында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Тажикстан Республикасынын Маданият министри Зульфия Давлатзода менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде ушул жылдын декабрь айында дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги менен Тажикстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK