Элчи Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары С.Имоми менен жолугушту
2023-жылдын 11-декабрында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды. Эки тараптуу мамилелердин маселелерин чечүүгө болгон өз ара даярдыктары тастыкталды.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.